# 26-статья. Маалыматташтырууну каржылоо

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2016 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818065..818066>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 26-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-26

---

1. Маалыматташтырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын менчик каражаттарынын, ошондой эле чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруунун артыкчылык берилүүчү багыттарын аныктайт жана аларды каржылоонун тартибин белгилейт. Маалыматташтырууну өнүктүрүү боюнча долбоорлорду мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен инвестициялоо боюнча чечим маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү бекитилген пландарга жана программаларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу чөйрөсүнө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитилген ресурстардын чыгымдар сметасынын чектеринде мамлекеттик маалыматтык тутумдарды иштеп чыгууга жана иштетүүгө сарпталуучу акча каражаттарын кароого, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы пландарга жана программаларга ылайык аларды пайдаланууну контролдоого жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.

Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалымат берүү милдети Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жайылтылбайт. (КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-27)
