Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-статья. Маалыматташтырууну каржылоо
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2016 года № 130
1. Маалыматташтырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын менчик каражаттарынын, ошондой эле чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруунун артыкчылык берилүүчү багыттарын аныктайт жана аларды каржылоонун тартибин белгилейт. Маалыматташтырууну өнүктүрүү боюнча долбоорлорду мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен инвестициялоо боюнча чечим маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү бекитилген пландарга жана программаларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу чөйрөсүнө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитилген ресурстардын чыгымдар сметасынын чектеринде мамлекеттик маалыматтык тутумдарды иштеп чыгууга жана иштетүүгө сарпталуучу акча каражаттарын кароого, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы пландарга жана программаларга ылайык аларды пайдаланууну контролдоого жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.
Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалымат берүү милдети Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жайылтылбайт. (КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2016 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бюджеттин каражаттарынын эсебинен инвестициялоо боюнча чечим кошулду: маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү бекитилген алынып салынды: Маалыматташтыруу программасына кошулду: пландарга жана программаларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
3. … чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
кошулду: 4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитилген ресурстардын чыгымдар сметасынын чектеринде мамлекеттик маалыматтык тутумдарды иштеп чыгууга жана иштетүүгө сарпталуучу акча каражаттарын кароого, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы пландарга жана программаларга ылайык аларды пайдаланууну контролдоого жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.
Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалымат берүү милдети Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жайылтылбайт.
(КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-26" title="26-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>