# 24-статья. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2016 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818065..818066>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 24-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-24

---

1. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу маалыматташтыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылат.

2. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик башкарууну жана жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутуму аркылуу өз ыйгарым укуктарына жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутумуна төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган;

- транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган;

- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аларга баш ийген ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөр;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзө алат.

4. Электрондук башкаруу, маалыматтык жана интерактивдүү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоочу жана мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин, мамлекеттик маалыматтык тутумдун ишке киришин жана иштөөсүн координациялоочу бирдиктүү орган болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-25)
