# 23-статья. Пайдалануучунун маалыматка жетүү укугун коргоо

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 23-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-23

---

1. Ачык маалыматка жетүүдөн баш тартууга же пайдалануучуларга билип туруп жалган маалыматтарды берүүгө сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Маалыматка жетүүдөн баш тартылган адамдар жана жалган маалыматтарды алган адамдар бардык учурларда аларга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга укуктуу.

2. Маалыматтык ресурстарды сатып алуу - сатуу, жөнөтүү келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбагандык же тиешелүү түрдө аткарбагандык үчүн тараптар жарандык мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Сот пайдалануучуларга маалыматты берүүдөн негизсиз баш тарткан учурларда же келишимдер боюнча пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттенмелерин башка бузуулардын натыйжасында маалыматка жетүүгө чек коюлган категорияга негизсиз таандык кылуу жөнүндө талаштарды, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду карайт.

4. Мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын маалыматка жетүүгө мыйзамсыз чек коюуга жана маалыматты коргоонун режимин бузууга күнөөлүү жетекчилери, башка кызматчылары жазык, жарандык мыйзамдарга жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-24)
