# 22-статья. Маалыматтык ресурстарга, технологияларга жана тутумдарга автордук укуктарды жана менчик укугун коргоо

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203322)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818063..818064>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 22-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-22

---

1. Маалыматтык ресурстардын автору, маалыматтык ресурстардын, технологиялардын, тутумдардын менчик ээлери жана башка укукка ээ болгондор алардын укуктарын бузуучулардан:

- укуктарды таанууну;

- укук бузулганга чейин колдонууда болгон абалды калыбына келтирүүге жана укукту бузуучу же аларды бузууга коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотууну;

- бузуучу тарабынан алынган кирешелерди кошуп алганда зыяндын ордун толтурууну;

- зыяндардын ордун толтуруунун ордуна - колдонуудагы мыйзамдарга ылайык соттун кароосу боюнча аныкталуучу суммадагы компенсацияны төлөп берүүнү;

- мыйзамдар тарабынан каралган башка чараларды кабыл алууну талап кылууга укуктуу.

2. Укукка ээ болгондор өз укугун коргоо үчүн сотко сотко кайрылууга укуктуу.

3. Сот тартибинде:

- автордук (авторлоштук) жөнүндө;

- маалыматтык ресурстарга менчик жөнүндө;

- жарыкка чыгарууга, өзүндөй кылып чыгарууга жана таркатууга автордук укуктардын бузулушу жөнүндө;

- маалыматтык ресурстарга, технологияларга, тутумдарга менчик укугунун бузулушу жөнүндө;

- укуктарды бузуудан алынган кирешелерди кошуп алганда зыяндарды калыбына келтирүү, моралдык жана материалдык зыянды компенсациялоо жөнүндө;

- укукка ээлик кылуучулардын катышуусу менен башка мүлктүк жана мүлктүк эмес талаштар каралат.

4. Сот аларды кароодо даярдоо же жайылтуу автордук укуктарды же менчик укугун бузууга алып келген фактыга каршы нускаларга, маалыматтык ресурстарга тыюу салуу жөнүндө, аларды конфискациялоо жөнүндө жана аларды жок кылуу жөнүндө, болбосо аларды укукка ээлик кылуучуларга же мамлекетке өткөрүп берүү жөыүндө чечим чыгарышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-23)
