# 21-статья. Маалыматтык процесстер жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү субъекттердин укуктарын коргоо

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203322)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818063..818064>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 21-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-21

---

1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар, ошондой эле жарандар маалыматтык тутумдарды, технологияларды, аларды камсыз кылуу каражаттарын иштеп чыгууда жана өндүрүүдө, ошондой эле маалыматтык продукцияларды берүү жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иште тең укуктуу.

2. Маалыматтык процесстерди түзүү жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө субъекттердин укуктарын коргоо укук бузуулардын алдын алуу, укукка сыйбаган аракеттерге бөгөт коюу, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жүзөгө ашырылат.

3. Субъекттердин укуктарын коргоо укук бузуулардын жана келтирилген зыяндын өзгөчөлүгүн эске алуу менен сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Документтештирилген маалымат менен иштөөдөгү укук бузуу үчүн мамлекеттик бийлик органдары, уюмдар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Маалыматтык ресурстарды калыптандыруу жана пайдалануу жагынан эл аралык ченемдерди жана эрежелерди, маалыматтык тутумдарды түзүүнүн жана пайдалануунун, автордук укукту коргоо боюнча эл аралык конвенциялардын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин эске алуу менен алар тарабынан чет өлкөлүк өнөктөр менен түзүлгөн келишимдерге ылайык мамлекеттик бийлик органдарына, уюмдарга жана жарандарга жүктөлөт.

(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-22)
