# 19-статья. Коргоонун максаттары

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 19-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-19

---

Коргоонун максаттары:

- менчиктин объекти катары маалыматтык ресурстардын укуктук режимин камсыз кылуу, маалыматтык ресурстарга жана маалыматтык тутумдарга мыйзамсыз кийлигишүүнү, маалыматты көчүрүү, бөгөт коюу, модификациялоо, бурмалоо, жок кылуу боюнча санкциясыз аракеттерди болтурбоо;

- жарандардын жеке жашыруун сырын жана маалыматтык тутумдардагы өздүк маалыматтарынын купуялыгын сактоо боюнча конституциялык укуктарын коргоо;

- мамлекеттик жашыруун сырды жана документтештирилген купуя маалыматты сактоо, маалыматтын тарап кетишин, уурдалышын, жасалышын, бурмаланышын болтурбоо;

- маалыматтык ресурстарды калыптандырууда жана пайдаланууда, маалыматтык тутумдарды, технологияларды өндүрүүнү жана колдонууну иштеп чыгууда маалыматтык процесстердеги субъекттердин укуктарын камсыз кылуу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-20)
