# 18-статья. Байланышуу жана маалыматтарды берүү тутумдары

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203322)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2011 [Закон КР от 7 июля 2011 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203322); 24.06.2003 [Закон КР от 24 июня 2003 года № 116 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации"](https://aqlex.ai/kg/doc/1240); 24.01.2002 [Закон КР от 24 января 2002 года № 10 "О внесении изменений и дополнений в Закон КР "Об информатизации"](https://aqlex.ai/kg/doc/958)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818063..818064>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 18-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-18

---

1. Кыргыз Республикасындагы маалыматташтыруунун инфраструктурасынын коммуникациялык негизин менчигинин түрүнө карабастан байланыш жана маалыматтарды берүү тутумдары түзөт. Байланыш жана маалыматтарды берүү тутуму электр байланышы тармагынан жана ага бириктирилген учундагы жабдуудан турат.

2. Байланыш жана маалыматтарды берүү тутумдары эл аралык стандарттарды жана байланышка кирүүнүн, кабыл алуунун жана маалыматтарды берүүнүн протоколдорун сактоонун негизинде түзүлүп, алар байланыш тармактарын жана маалыматтарды берүүнү өнүктүрүүгө жана алардын архитектурасынын жаңы түрлөрүн түзүүгө мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген менчигинин түрүнө карабастан жалпы пайдалануудагы байланыштын жана маалыматты берүүнүн ар кандай тутумдарынын ортосунда маалыматтарды алмаштырууну жана берүүнү уюштуруу үчүн өз ара тармактар аралык байланыштын мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.

4. Маалыматтардын байланыш жана өткөрүп берүү тутумдары техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык келүүнү ырастоо жолжоболоруна тийиштүү болушу мүмкүн.

5. (2003-жылдын 24-июнундагы № 116 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

6. Байланыш жана маалыматтарды берүү тутумдары жаатындагы иш-аракеттерди жөнгө салуу "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2002-жылдын 24-январындагы № 10, 2003-жылдын 24-июнундагы № 116, 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-19)
