# 16-статья. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203322)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818063..818064>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 16-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-16

---

1. Мамлекеттик маалыматтык тутумдарды Кыргыз Республикасындагы маалыматты жыйноо, иштетүү жана сактоо боюнча маалыматтык тутумдар, эксперттик жана маалыматтык-издөөчүлүк тутумдар, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын борбордук жана жергиликтүү тармактары, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн же мамлекеттик менчик болуп саналган башка уюмдар жана мекемелер түзөт.

2. Мамлекеттик маалыматтык тутумдардын жана тармактардын ортосунда маалыматтарды берүү жана алмаштыруу камсыз кылуунун бирдигинин, тутумдуулугунун, программалуулугунун жана тармактуулугунун негизинде зарыл болгон тизмелердин жана структуралардын алкагындагы келишимдер жана макулдашуулар боюнча жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик маалыматтык тутумдардын ортосундагы маалымат алмашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле келишимдер жана макулдашуулар тарабынан белгиленет.

(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-17)
