# 15-статья. Маалыматташтыруунун инфраструктурасын түзүүчүлөр

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 15-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-15

---

Кыргыз Республикасында маалыматташтыруунун инфраструктурасын уюштуруучулук, техникалык структуралар, объекттер жана тутумдар түзөт, алардын иши:

- маалыматты жаны маалыматтык технологиялардын каражаттары менен жыйноону, иштетүүнү, берүүнү, сактоону жана таркатууну;

- маалыматты электр байланышынын бардык каражаттары тарабынан кабыл алуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү;

- жаңы маалыматтык тутумдарды, технологияларды жана каражаттарды изилдөөнү, иштеп чыгууну жана өндүрүүнү;

- маалыматтык тутумдарды, технологияларды жана аларды камсыз кылуу каражаттарын жөнөтүүлөрдү, сатууну жана сервистик тейлөөнү;

- жаңы маалыматтык технологияларды жайылтуу жана пайдалануу менен байланышкан окуп-үйрөтүүнү консультациялык, усулдук жардам көрсөтүүнү жана башка аткаруучу ишти жүзөгө ашырууга багытталган.

2. Кыргыз Республикасындагы маалыматташтыруунун инфраструктурасын менчиги бардык түрдөгү ар кандай уюмдар калыптандырат.

3. Маалыматташтыруунун инфраструктурасынын биримдиги маалыматташтыруунун процесстерин мамлекеттик башкарууга жана жөнгө салууга, ошондой эле өндүрүлүүчү жана пайдаланылуучу маалыматтык продукцияларга жана каражаттарга бирдиктүү стандарттарды, сапаттын сертификаттарын сактоого контролдук кылууну жүзөгө ашыруучу атайын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишине негизденет.

4. Маалыматтык тутумдарды жана тармактарды, алардын ишин камсыз кылуу жана технологияларын, каражаттарын өндүрүү, маалыматтык продукцияларды берүү жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иштин бардык түрлөрү өнүгүшү мамлекеттик илимий-техникалык жана экономикалык саясат тарабынан аныкталуучу атайын тармакты түзөт.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-16)
