Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-статья. Маалыматташтыруунун инфраструктурасын түзүүчүлөр
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
Кыргыз Республикасында маалыматташтыруунун инфраструктурасын уюштуруучулук, техникалык структуралар, объекттер жана тутумдар түзөт, алардын иши:
- маалыматты жаны маалыматтык технологиялардын каражаттары менен жыйноону, иштетүүнү, берүүнү, сактоону жана таркатууну;
- маалыматты электр байланышынын бардык каражаттары тарабынан кабыл алуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү;
- жаңы маалыматтык тутумдарды, технологияларды жана каражаттарды изилдөөнү, иштеп чыгууну жана өндүрүүнү;
- маалыматтык тутумдарды, технологияларды жана аларды камсыз кылуу каражаттарын жөнөтүүлөрдү, сатууну жана сервистик тейлөөнү;
- жаңы маалыматтык технологияларды жайылтуу жана пайдалануу менен байланышкан окуп-үйрөтүүнү консультациялык, усулдук жардам көрсөтүүнү жана башка аткаруучу ишти жүзөгө ашырууга багытталган.
2. Кыргыз Республикасындагы маалыматташтыруунун инфраструктурасын менчиги бардык түрдөгү ар кандай уюмдар калыптандырат.
3. Маалыматташтыруунун инфраструктурасынын биримдиги маалыматташтыруунун процесстерин мамлекеттик башкарууга жана жөнгө салууга, ошондой эле өндүрүлүүчү жана пайдаланылуучу маалыматтык продукцияларга жана каражаттарга бирдиктүү стандарттарды, сапаттын сертификаттарын сактоого контролдук кылууну жүзөгө ашыруучу атайын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишине негизденет.
4. Маалыматтык тутумдарды жана тармактарды, алардын ишин камсыз кылуу жана технологияларын, каражаттарын өндүрүү, маалыматтык продукцияларды берүү жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иштин бардык түрлөрү өнүгүшү мамлекеттик илимий-техникалык жана экономикалык саясат тарабынан аныкталуучу атайын тармакты түзөт.
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-15" title="15-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>