# 12-статья. Пайдалануучулардын маалыматтык ресурстардан маалыматка жетүү укугун ишке ашыруу

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 12-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-12

---

1. Пайдалануучулар - юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер - мамлекеттик маалыматтык ресурстарга жетүүдө тең укуктарга ээ, ал ресурстардын ээсинин алдында суратылуучу маалыматтын зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес, алууга чек коюлган маалымат алуу бул эрежеге моюн сунбайт.

2. Ээлер (менчик ээлери) маалыматтык ресурстардан маалыматты пайдалануучуларды бекитилген жоболордун же келишимдердин негизинде акысыз же маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө келишимдик баалар боюнча камсыз кылат.

3. Пайдалануучу маалыматтык ресурстарды санкциясыз пайдалангандык, көчүргөндүк, таркаткандык үчүн, ресурстарга менчик укугун бузгандык үчүн келишимдерге (макулдашууларга) ылайык же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Пайдалануучу тарабынан маалымат алуунун тартибин ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен маалымат ресурстарынын ээси аныктайт.

4. Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды калыптандырууга жана пайдаланууга жооптуу мамлекеттик бийлик органдары жана уюмдар документтештирилген маалыматтарды пайдалануучуга тез жана толук берүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Мамлекеттик маалыматтык ресурстардан жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды берүүдөн баш тартууга сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-10)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-13)
