12-статья. Пайдалануучулардын маалыматтык ресурстардан маалыматка жетүү укугун ишке ашыруу
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
1. Пайдалануучулар - юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер - мамлекеттик маалыматтык ресурстарга жетүүдө тең укуктарга ээ, ал ресурстардын ээсинин алдында суратылуучу маалыматтын зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес, алууга чек коюлган маалымат алуу бул эрежеге моюн сунбайт.
2. Ээлер (менчик ээлери) маалыматтык ресурстардан маалыматты пайдалануучуларды бекитилген жоболордун же келишимдердин негизинде акысыз же маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө келишимдик баалар боюнча камсыз кылат.
3. Пайдалануучу маалыматтык ресурстарды санкциясыз пайдалангандык, көчүргөндүк, таркаткандык үчүн, ресурстарга менчик укугун бузгандык үчүн келишимдерге (макулдашууларга) ылайык же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Пайдалануучу тарабынан маалымат алуунун тартибин ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен маалымат ресурстарынын ээси аныктайт.
4. Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды калыптандырууга жана пайдаланууга жооптуу мамлекеттик бийлик органдары жана уюмдар документтештирилген маалыматтарды пайдалануучуга тез жана толук берүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Мамлекеттик маалыматтык ресурстардан жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды берүүдөн баш тартууга сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-12" title="12-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>