# 11-статья. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2016 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818065..818066>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 11-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-11

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу процессин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында заманбап маалыматтык инфратүзүмдү түзүүнүн, анын эл аралык маалыматтык тармактарга жана тутумдарга интеграцияланышынын негизинде электрондук башкарууну түзүү жана иштешин камсыз кылуу, жарандардын, мекемелердин, уюмдардын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

3. Ушул Мыйзамдын милдеттери бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, заманбап маалыматтык технология каражаттары менен маалыматтарды түзүү, топтоо, сактоо, берүү жана таркатуу боюнча ишти жүзөгө ашырууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-1)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-2)
