Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу райондук кеңешинин «Кара-Суу районунун Шарк, Нариман айылдык округдарынын Ачы массивиндеги жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезексиз ХХ тертунчу шайланган/
2012-жылдын 18-январы № 20/95 Кара-Суу районунун Шарк, Нариман айылдык округдарынын Ачы массивиндеги жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 ст. 3-пунктуна ылайык, «Ош проектстрой» ЖЧК-му тарабынан иштелип чыккан башкы пландын (генплан) негизинде Кара-Суу районунун Шарк айылдык округунун жарандарынын социалдык турак жай маселесин чечүү максатында жана райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун Ачы массивиндеги жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн Шарк айылдык округунан 339 га, Нариман айылдык округунан 381 га, жалпысы 720 га жер аянтына иштелип чыккан башкы план бекитилсин,
2. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына (К.Жутанов) жер аянттарын ажыратып берүү, курулуш куруу үчүн керектелүүчү иш-кагаздарын бекитилип берилген башкы пландын негизинде даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кара-Суу райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгына (А.Үсөнов) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- жана 15-статьяларына ылайык жерлердин тактоо документтерине өзгөртүү киргизүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына /А.Каримов/ тапшырылсын
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы
Б.Каратаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 872 "Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 19.12.2006 · № 872 · Күчүн жоготкон