Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу райондук кеңешинин «Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезексиз ХХ сессиясы
2012-жылдын 18-январы № 20/94 Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 ст. 3-пунктуна ылайык Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан башкы пландын (генплан) негизинде Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык округунун жарандарынын социалдык турак жай маселесин чечуу максатында жана райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык округунун Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн 91,95 га жер аянтына иштелип чыккан башкы план бекитилсин.
2. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына (К.Жутанов) жер аянттарын ажыратып берүү, курулуш куруу үчүн керектелүүчү иш-кагаздарын бекитилип берилген башкы пландын негизинде даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кара-Суу райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгына (А.Усонов) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- жана 15-статьяларына ылайык жерлердин тактоо документтерине өзгөртүү киргизүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына /А.Каримов/ тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы
Б.Каратаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 874 "Коркунучтуу өндүрүштүк объектилерди эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү…Постановление · 19.12.2006 · № 874 · Күчүн жоготкон