# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы № 894 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы № 894 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору
- Актынын түрү: Проект
- Номери: 894
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/54-6/edition/339085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы № 894 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору (28.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26994

---

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостто-

ру", 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзамдарына өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилген учурда инвесторлор мындай өзгөртүүлөр жана

толуктоолор кабыл алынган күндөн тартып он жыл ичинде өздөрүнө алда

канча ыњгайлуу болгон шарттарды тандап алууга укуктуу. Бул режим Кыргыз

Республикасынын Конституциясына, бажы жана салык мыйзамдарына улуттук

коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана айлана чөйрөнү коргоо маселелери

менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилүүчү

өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго карата жайылтылбайт".

2. 23-статьядагы "Ушул Мыйзам" деген сөздөр "Кыргыз Республикасын-

дагы чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

1997-жылдын 24-сентябрындагы Мыйзамы ("Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин ведомосттору", 1997-ж., № 10, 475-ст.)" деген сөздөргө алмаш-

тырылсын.

2-статья.

"Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Респуб-

ликасынын 2006-жылдын 31-июлундагы Мыйзамы ("Эркинтоо" гезити,

2006-жылдын 8-августу, № 58) күчүн жоготту деп табылсын.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-

йык келтирсин.

Бул Мыйзамдын 1-статьясынын 1-пункту расмий жарыяланган күндөн

тартып 90 күндөн кийин күчүнө кирет.

Бул Мыйзамдын 1-статьясынын 2-пункту Кыргыз Республикасынын "Кыр-

гыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" 2003-жылдын 27-мартындагы №

66 Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти
