Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоору
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостто-
ру", 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзамдарына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилген учурда инвесторлор мындай өзгөртүүлөр жана
толуктоолор кабыл алынган күндөн тартып он жыл ичинде өздөрүнө алда
канча ыњгайлуу болгон шарттарды тандап алууга укуктуу. Бул режим Кыргыз
Республикасынын Конституциясына, бажы жана салык мыйзамдарына улуттук
коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана айлана чөйрөнү коргоо маселелери
менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилүүчү
өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго карата жайылтылбайт".
2. 23-статьядагы "Ушул Мыйзам" деген сөздөр "Кыргыз Республикасын-
дагы чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
1997-жылдын 24-сентябрындагы Мыйзамы ("Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин ведомосттору", 1997-ж., № 10, 475-ст.)" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын.
2-статья.
"Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Респуб-
ликасынын 2006-жылдын 31-июлундагы Мыйзамы ("Эркинтоо" гезити,
2006-жылдын 8-августу, № 58) күчүн жоготту деп табылсын.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
Бул Мыйзамдын 1-статьясынын 1-пункту расмий жарыяланган күндөн
тартып 90 күндөн кийин күчүнө кирет.
Бул Мыйзамдын 1-статьясынын 2-пункту Кыргыз Республикасынын "Кыр-
гыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" 2003-жылдын 27-мартындагы №
66 Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынынын 2006-жылдын 28-декабры № 894 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 28.12.2006 · № 894 · Күчүн жоготкон