# Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 23-ноябрындагы № 17/86 "Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 23-ноябрындагы № 17/86 "Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/86
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2255/edition/349096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 23-ноябрындагы № 17/86 "Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсү жөнүндө" токтому (23.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26993

---

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XVII сессиясы

2011 –жылдын 23-ноябры №17/86 Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсү жөнүндө 2011-жылда Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары С.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу райондук кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.

2. Күздүк айдоо-себүү иштерин 2011-жылдын аягына чейин планга ылайык толук аткарылышын камсыз кылуу райондук мамлекеттик администрациясына (Б.Юсуповго) жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармасына (К.Мамедов) милдеттендирилсин.

3. Райондо тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чара көрүлбөсө, күздүк айдоо-себүү иштери толук аткарылбай калса райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Юсуповдун жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын директору К. Мамедовдун жоопкерчиликтери кийинки сессиянын кароосуна коюлсун.

4. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына:

-2012-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди эгүү үзгүлтүккө учураганын эске алып дыйкандар, фермерлер, үрөн чарбаларга кредитке үрөн алып берүүнү тездетүү жана күздүк эгүүнү тез арада жандандырып кечиктирилгис чараларды көрүү; -үрөнчүлүк чарбалардын максаттуу толук камдуу иштөөсүн; -дан эгиндерин минералдык жер семирткичтери менен биринчи кошумча азыктандыруу боюнча айыл өкмөттөргө багыт берүү менен аларды ар тараптан колдоого алуу; -айыл-чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү фонддордун жерлерин эффективдүү пайдаланылышын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелери, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Ташиевге/ тапшырылсын.

Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы

Б.С.Каратаев
