Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу райондук кеңешинин «Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсү жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
2011 –жылдын 23-ноябры №17/86 Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсү жөнүндө 2011-жылда Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары С.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу райондук кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.
2. Күздүк айдоо-себүү иштерин 2011-жылдын аягына чейин планга ылайык толук аткарылышын камсыз кылуу райондук мамлекеттик администрациясына (Б.Юсуповго) жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармасына (К.Мамедов) милдеттендирилсин.
3. Райондо тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чара көрүлбөсө, күздүк айдоо-себүү иштери толук аткарылбай калса райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Юсуповдун жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын директору К. Мамедовдун жоопкерчиликтери кийинки сессиянын кароосуна коюлсун.
4. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына:
-2012-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди эгүү үзгүлтүккө учураганын эске алып дыйкандар, фермерлер, үрөн чарбаларга кредитке үрөн алып берүүнү тездетүү жана күздүк эгүүнү тез арада жандандырып кечиктирилгис чараларды көрүү; -үрөнчүлүк чарбалардын максаттуу толук камдуу иштөөсүн; -дан эгиндерин минералдык жер семирткичтери менен биринчи кошумча азыктандыруу боюнча айыл өкмөттөргө багыт берүү менен аларды ар тараптан колдоого алуу; -айыл-чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү фонддордун жерлерин эффективдүү пайдаланылышын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелери, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Ташиевге/ тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы
Б.С.Каратаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-декабрындагы №900 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 29.12.2006 · № 900 · Күчүн жоготкон