# Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 14/75 "Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 30-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык округунун аймагында үрөөнчүлүк чарба түзүү жөнүндө" №226-6 буйругу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 14/75 "Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 30-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык округунун аймагында үрөөнчүлүк чарба түзүү жөнүндө" №226-6 буйругу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/75
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2250/edition/349086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 14/75 "Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 30-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык округунун аймагында үрөөнчүлүк чарба түзүү жөнүндө" №226-6 буйругу тууралуу" токтому (28.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26988

---

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XIV сессиясы

(төртүнчү шайланган)

2011-жылдын 27-апрели №14/75 Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 30-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык округунун аймагында үрөөнчүлүк чарба түзүү жөнүндө" №226-6 буйругу тууралуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык округунун аймагындагы "Отуз-Адыр" мамлекеттик үрөөнчүлүк чарбасынын директору Т.Масировдун билдирүү катын угуп жана талкуулап, Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2010-жылдын 22-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык кеңешинин аймагында өз алдынча жаңы үрөөнчүлүк чарбаны түзүү жөнүндө" №29/114 токтомунун негизинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 30-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык округунун аймагында үрөөнчүлүк чарба түзүү жөнүндө" №226-6 буйругу чыккан, бирок Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 30-мартындагы чечиминин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2010-жылдын 22-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык кеңешинин аймагында өз алдынча жаңы үрөөнчүлүк чарбаны түзүү жөнүндө" №29/114 токтому жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 30-декабрындагы "Отуз-Адыр айылдык округунун аймагында үрөөнчүлүк чарба түзүү жөнундө" №226-6 буйругун жараксыз деп жокко чыгаруу жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Юсуповдон суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык өнүгүү маселелер, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жер, агрардык жана жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Ташиев) тапшырылсын.

Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы

Б.Каратаев
