# Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 14/72 "Кара-Суу райондук электр тармактарынын калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда, дебитордук карыздарды өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 14/72 "Кара-Суу райондук электр тармактарынын калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда, дебитордук карыздарды өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/72
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2247/edition/349080/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26985.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 14/72 "Кара-Суу райондук электр тармактарынын калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда, дебитордук карыздарды өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" токтому (27.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26985

---

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XIV сессиясы

(төртүнчү шайланган)

2011–жылдын 27-апрели №14/72 Кара-Суу райондук электр тармактарынын калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда, дебитордук карыздарды өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Кара-Суу райондук электр тармактарынын калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда, дебитордук карыздарды өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ш.Ахмедовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бул маселе райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жетишээрлик эмес деп белгиленсин жана анын жетекчиси Ш.Ахмедовго сөгүш берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына (Б.Юсупов) сунуш кылынсын.

2. Абонеттердин электр энергиясынан дебитордук карыздарын жокко чыгарылган (списание) тизмелерин текшерүү үчүн каржы полициясына берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу райондук кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (А.Каримов) тапшырылсын.

Кара-Суу райондук Кеңешинин төрагасы

Б. Каратаев
