# Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 13/66 "Кара-Суу районунун 2010-жылга каралган социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы, элдин социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзгөн иштери жана Кара-Суу районунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 13/66 "Кара-Суу районунун 2010-жылга каралган социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы, элдин социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзгөн иштери жана Кара-Суу районунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/66
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26981>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2243/edition/349072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26981.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 13/66 "Кара-Суу районунун 2010-жылга каралган социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы, элдин социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзгөн иштери жана Кара-Суу районунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө " токтому (28.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26981

---

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XIII сессиясы(төртүнчү шайланган)

2011-жылдын 28-февралы №13/66 Кара-Суу районунун 2010-жылга каралган социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы, элдин социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзгөн иштери жана Кара-Суу районунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө Кара-Суу районунун 2010-жылга каралган социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы, элдин социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзгөн иштери жана Кара-Суу районунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу районунун 2010-жылга каралган социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы, элдин социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзгөн иштери жөнүндө Б.Юсуповдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Кара-Суу районунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы №1, №2 тиркемелерге ылайык бекитилсин жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы райондук мамлекеттик администрациясына, шаар башкармасына, айыл өкмөттөргө, чарба жүргүзүүчү бардык субъектилердиң (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Кара-Суу районунун 2011-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрн турукташтыруу, райондун экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, социалдык-маданий жагдайын жакшыртуу, кедейчиликти кыскартуу, элди иш менен камсыз кылуу максатында бардык өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, байланыш, элге акылуу кызмат көрсөтүү тармактарын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, чет элдик инвестицияларды жана микрокредиттерди кеңири тартуу менен жергиликтүү сырьелордон, материалдардан пайдаланып, продукция чыгаруучу чакан, орто ишканаларды ачуу, бизнес өнүктүрүү жагы райондук мамлекеттик администрация, анын бөлүмдөрүнүн, шаар башкармасынын жана айыл өкмөттөрдүн башчыларына, мекеме-ишканалардын, чарба (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Кара-Суу районунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын аткарылышын камсыз кылуу жана аларга жыл ичинде Кыргыз Республикасыиын мыйзамдарынын, өкмөтүнүн тиешелүү чечимдеринин негизинде түзөтүүлөрдү киргизүү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин туруктуу комиссияларыпа тапшырылсын.

Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы

Б. Каратаев
