# Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 31-январындагы № 12/63 "Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийуусунен Папан айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 31-январындагы № 12/63 "Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийуусунен Папан айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/63
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2241/edition/349068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 31-январындагы № 12/63 "Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийуусунен Папан айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (31.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26979

---

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезексиз XII сессиясы (төртүнчү шайланган)

2011-жылдын 31-январы №12/63 Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийуусунен Папан айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу районунун Папан айылдык округунун аймагындагы Кызыл-Туу, Кожокелен, Карагур, Алчалуу, Бөрү, Ак-Терек, Тогуз-Булак, Чычкан-Кол, Жарбашы, Ата-Мерек, Камыр-Суу айылдарынын элдик жыйындарынын протоколдорунун, Папан айылдык кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы №20 токтомунун негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнөн Папан айылдык округу чыгарылсын жана Ош шаардык административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүлүп берилсин.

2. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармасына /К.Жутанов/, Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасына /М.Раимбердиев/, Папан айыл өкмөттүн башчысына /Э.Исмаилов/ Папан айылдык округун Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо тапшырылсын.

3. Бул токтом депутаттардын Ош шаардык кеңешине, Ош шаардык Мэриясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинен жана Өкмөтүнөн суралсын.

Кара-Суу райондук Кеңешинин төрагасы

Б.Каратаев
