Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара -Суу райондук кеңешинин «Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнөн Төлөйкөн айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезексиз XII сессиясы
(төртүнчү шайланган)
2011-жылдын 31-январы №12/62 Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнөн Төлөйкөн айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык округунун аймагындагы Учар, Төлөйкөн, Өзгур, Дыйкан-Кыштак, Кыргызстан айылдарынын элдик жыйындарынын протоколдорунун, Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы №14/1 токтомунун негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнөн Төлөйкөн айылдык округу чыгарылсын жана Ош шаардык административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармасына /К.Жутанов/, Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасына /М.Раимбердиев/, Төлөйкөн айыл өкмөттүн башчысына /Н.Базаров/ Төлөйкөн айылдык округун Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтом депутаттардын Ош шаардык кеңешине, Ош шаардык Мэриясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинен жана Өкмөтүнөн суралсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы
Б.Каратаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-октябрындагы № 713 "«Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 03.10.2006 · № 713 · Күчүн жоготкон