Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Кочкор айылдык округдук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 16.03.2012-жылдагы № 181 токтомунун негизинде Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясынын (IV –чакырылыш ) жыйналышынын
2012-жылдын 13-апрели № 22/3 Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 16.03.2012-жылдагы № 181 токтомунун негизинде Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- беренесинин 2- пункутунун 14- пункутчасына ылайык Кара–Кочкор айылдык округунун кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 16.03.2012-жылдагы № 181 токтомунун негизинде Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын 4 аскердик эсепке алуу столунун 2 штаттык бирдиктери бекитилсин .
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2012-жылдагы № 181 токтомуна негиз жогорудагы көрсөтүлгөн штат бирдиктерине тендештируу гранттын эсебинен каржылоо жагы Кара–Кочкор айыл өкмөтүнөн суралсын
3. Бул токтомдун аткарылышын козөмолдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык–экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А. Жолдошовго) жана айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К. Ибраимовго тапшырылсын .
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы
Т.Кайыпкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.