# Талды-Суу айылдык кеңешинин 2012-жылдын 13-апрелиндеги №20\\8"Талды-Суу айыл округундагы айылдарда спирт ичимдиктерин сатууда тыюу салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2012-жылдын 13-апрелиндеги №20\\8"Талды-Суу айыл округундагы айылдарда спирт ичимдиктерин сатууда тыюу салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/8
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2205/edition/339017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2012-жылдын 13-апрелиндеги №20\\8"Талды-Суу айыл округундагы айылдарда спирт ичимдиктерин сатууда тыюу салуу жөнүндө" токтому (13.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26939

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык кеңешинин III чакырылышынын XX заседаниеси

2012-жылдын 13-апрели №20\\8 Талды-Суу айыл округундагы айылдарда спирт ичимдиктерин сатууда тыюу салуу жөнүндө Талды-Суу айыл округунун башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл округуна караштуу Талды-Суу жана Арча-Булак айылдарындагы жеке менчик кичи дүкөндөрүндө "Лицензиясы" жок спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

2. Жашы 18 жашка толо элек оспурум балдарга спирт ичимдиктерин сатууда, каттуу көзөмөлгө алынсын.

3. Спирт ичимдиктерин көзөмөлгө алуу үчүн комиссиянын курамы түзүлсүн. (комиссиянын курамы тиркелет).

4. Токтомго баш ийбеген жеке ишкерлерге мыйзам чегинде жаза колдонулат.

5. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Талды-Суу айыл округунун башчысы В.Кадыровко милдеттендирилсин колдонулат.

Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы

Т. Алайчиев
