Талды-Суу айылдык кеңешинин «Талды-Суу айыл округунун 2011-жылга бюджеттин аткарылышы 2012-жылга кабыл алынган бюджета 2012-2013-жылга бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-апрели №20/1 Талды-Суу айыл округунун 2011-жылга бюджеттин аткарылышы 2012-жылга кабыл алынган бюджета 2012-2013-жылга бекитүү жөнүндө Талды-Суу айылдык Кенешинин 2012-жылдын перспективалык иш планынын негизинде Талды-Суу айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл округунун 2011-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 13829,3 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 12910,3 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2011-жылдык киреше жана чыгаша бөлүгүнүнүн аткарылышы боюнча айыл округунун башкы эсепчисинин аткарган иши жана бүгүнкү берилген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Талды-Суу айыл округунун 2012-жылга бюджеттик кирешелер 16187,2 миң сом жана чыгашалар боюнча 16187,2 миң сом анын ичинен толуктоочу 1662,3 мин сом , максатуу грант 11140,4мин сом ал эми 2013-жылга максатуу грант 11140,4 мин сом, толуктоочу грант 16190,0 мин сом, өздүк киреше 3400,0 мин сом, жалпы 16159,4мин сом, 2014-жылга максатуу грант 11140,4мин сом толуктоочу грант 1600,0 миң сом , өздүк киреше 3430,0 миң сом жалпы 16170,0 миң сом өлчөмүндө бюджеттин долбоору бекитилсин.
4. Талды-Суу айыл округунун 2012-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн кирешелерге кошумча план боюнча өзгөтүүлөрдү тоуктоолорду киргизүү жана статьядан башка статьяга жылдырып берүү айыл округунун билдирүүсүнүн негизинде Талды-Суу айылык Кеңештин депутаттарына сунушталып айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин.
5. Айыл округундагы кошумча булактардан алынуучу кирешелер изилденип (жайыт, ФПЗтен ж.б.) булактардын эсебинен бюджетке жыл ичинде кошумча киргизүү жагы каралсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 05-августундагы №451 " Кыргыз Республикасынын жергиликту өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2012-жыл 16-март№181 токтомун аткарууга алуунун негизинде штат бирдиктери бекитилип, анын ичинен айыл округунун ВУС 1 штат инспекторун, айыл башчы 1 штат бирдиги бекитилсин.
7 Талды-Суу айылдык кеңешинен чыккан токтомдорду Обл. Юстициядан каттодон өткөрүү үчүн, Алай таны газетасына жарыялоо үчүн кеткен акча каражатын каржылоо жогы Талды-Суу айыл округунун ФЭБ башчысы Т.Жумаевке милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомун аткарылышын смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айыл округунун ФЭБ башчысы Т.Жумаевке милдеттендирилсин.
Талды - Суу айылдык кеңешинин төрагасы
Т.Алайчиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 16.03.2012 · № 181 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.