# Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2012-жылдын 8-февралындагы №2а "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин тарлаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес,тамарка жана1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлксалыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2012-жылдын 8-февралындагы №2а "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин тарлаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес,тамарка жана1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлксалыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2а
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2194/edition/339155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26928.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2012-жылдын 8-февралындагы №2а "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин тарлаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес,тамарка жана1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлксалыгын киргизүү жөнүндө" токтому (08.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26928

---

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чон-Алай айылдык округдук кенешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2012-жылдын 8-февралы №2а Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин тарлаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес,тамарка жана1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Чон-Алай айылдык округдук Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

1. Депутаттардын Чоң-Алай айылдык Кеңеши мамлекеттик салык кызматынын Чоң-Алай боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 10-январындагы катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес, тамарка жана 1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгын киргизүү маселесин айылдык кеңештин сессиясында каралып чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес,тамарка жана1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгы 2012-жылдан баштап киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү пландоо бюджет жана экономикалык реформа, айыл чарбасы боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

Чон-Алай айылдык кеңешинин төрагасы

А.Алипбеков
