# Кара- Кулжа айылдык кенешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 27/12 "Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кара- Кулжа айылдык кенешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 27/12 "Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/12
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2187/edition/345411/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара- Кулжа айылдык кенешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 27/12 "Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө"токтому (17.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26921

---

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

2012-жылдын 17 - март №27/12 Кара-Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө

1. Кара-Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун директору Т.Козубаевдин райондун мамлекеттик администрациясына жана райондук кеңешине спорттук клубдун айланасындагы жер аянттын чечим берү жөнүндө арызын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизиндеги сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара -Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты муниципалдык менчикке өткөндүгү белгиленсин.

2. Кара -Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене -тарбия жана спорт клубунун директору Т.Козубаевдин райондун мамлекеттик администрациясына жана райондук кеңешине спорттук клубдун айланасындагы жер аянттын чечим берү жөнүндө арызын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизиндеги сунушун мыйзам чегинде аткарылышы жөнүндө жогорку органдарга билдирүү берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовго тапшырылсын.

Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы

И. Абжапаров
