# Баш-Дөбө айылдык кенешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги №21/2 "Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетине караштуу жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулардан, жайыт акысын алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баш-Дөбө айылдык кенешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги №21/2 "Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетине караштуу жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулардан, жайыт акысын алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/2
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2176/edition/339145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баш-Дөбө айылдык кенешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги №21/2 "Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетине караштуу жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулардан, жайыт акысын алуу жөнүндө" токтому (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26907

---

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-апрели №21/2 Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетине караштуу жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулардан, жайыт акысын алуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXI сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетинин төмөнкү сунушталган бюджетb бекитилсин: 2012-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмдөрдүн өлчөмү:

- Кара-мал,топоз бир баш учун-80 сом

- Кой.эчкилер бир баш учун-16сом

- Жылкы,тее,эшек бир баш учун-80сом

Жогорудагы жылдык бюджет жана киреше-чыгашалар сметасы менен №1,№2 тиркемелер бекитилсин.

2. Баш-Дебв жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнөн сырткаркы жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт акынын өлчөмү төмөндөгүдөй жүргүзүлсүн:

- Кара-мал, топоз бир баш үчүн-100 сом.

- Кой-эчкилер бир баш үчүн-20сом.

- Жылкы, төө, эшек бир баш үчүн-100 сом.

3. Баш-Дөбө айыл округуна караштуу Айыл-ичиндеги жана жакынкы «Көк-таш», алыскы «Кичи-Чаар-Таш» жайыттарынын ички жана тышкы чек араларын аныктоо менен Жайыт комитетине өткөрүп берүү 2012-жылдын 30-июнь айына чейин бүтүрүү иштери айыл округунун башчысы К.Ганиевке милдеттендирилсин.

4. Баш-Дөбө айыл округунун аймагындагы (отчет боюнча 237 га. Адыр боорундагы ички жайыттардын өзгөчө шартын эске алуу менен сарамжалдуу пайдалануу максатында) Жайыт, комитетине жайыт пайдалануучуларга бөлүштүрүп берүүгө уруксат берилсин. Жайыт акысы №4 тиркеме боюнча жүргүзүлсүн.

5. Баш-Добо айыл округунун Жайыт комитетине пайдаланган жайыт жерлери үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.

Баш-Дөбө айыл кеңешинин төрагасы

Исаков С.
