Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Баш-Дөбө айылдык кенешинин «Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө» токтому
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баш-Дебө айыл округунун айылдык кенешинии XXI (IV-чакырылган) сессиясы
2012-жылдын 25-апрели №21/1 Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2011-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн аткарылыш сметасынын долбоорун талкуулап чыгып Баш-Дөбө айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн кирешелер боюнча сметасы 10908,4 мин сомго ал эми сметалык чыгашалар боюнча 13908,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С. Хакимовго милдеттендирилсин.
3. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунан түшкөн ижара төлөмү айыл Өкмөттүн каражаты болуп эсептелинип, толугу менен айыл Өкмөтүнүн кассасы аркылуу чыгымдоосуна тыюу салынсын.
4. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2012-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн болжолдуу планы бекитилсин.
5. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн бюджеттин аткарылышы 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында карал сын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, салык, инвестициялык тартуу маселелерй боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлунун № 538 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.07.2006 · № 538 · Күчүн жоготкон