# Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 32/3 "Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери боюнча"токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 32/3 "Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери боюнча"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32/3
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2172/edition/339005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 32/3 "Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери боюнча"токтому (19.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26903

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XXXII заседаниеси

2012-жылдын 19-апрели № 32/3 Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери боюнча Корул айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн социалдык жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери жактырылсын.

2. Айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан колдоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы жана калкты жакырчылыктан чыгарууда 1-Май айылында жакырчылыктын деңгээли 69,7 %, Тогуз-Булак айылында 58,7%, Кең-Жылга айылында 53,8 %, жалпы 59,2 % экендиги белгиленсин.

3. Альтернативдик кызмат өтөгөндөрдөн биринчи квартал ичинде план боюнча 169000 сом болсо, 208670 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

4. Айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан колдоо, жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу, аз камсыз үй бүлөөлөргө ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы соцкызматкер К.Жапаровага, ал эми альтернативдик кызмат өтөгөн жаштар менен иштөөдө белгиленген планды өз убагында аткаруу жагы ВУС кызматкерлер А.Маматовго жана Т.Тайгараевге милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жүктөлсүн.

Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы

Т.Маназаров
