Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Корул айылдык кенешинин «Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери боюнча»токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XXXII заседаниеси
2012-жылдын 19-апрели № 32/3 Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери боюнча Корул айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн социалдык жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан колдоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы жана калкты жакырчылыктан чыгарууда 1-Май айылында жакырчылыктын деңгээли 69,7 %, Тогуз-Булак айылында 58,7%, Кең-Жылга айылында 53,8 %, жалпы 59,2 % экендиги белгиленсин.
3. Альтернативдик кызмат өтөгөндөрдөн биринчи квартал ичинде план боюнча 169000 сом болсо, 208670 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан колдоо, жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу, аз камсыз үй бүлөөлөргө ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы соцкызматкер К.Жапаровага, ал эми альтернативдик кызмат өтөгөн жаштар менен иштөөдө белгиленген планды өз убагында аткаруу жагы ВУС кызматкерлер А.Маматовго жана Т.Тайгараевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жүктөлсүн.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы
Т.Маназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлунун № 538 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.07.2006 · № 538 · Күчүн жоготкон