# Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 32/7 "Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы каналга суу берүү үчүн К.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп"

- Толук аталышы: Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 32/7 "Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы каналга суу берүү үчүн К.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32/7
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2168/edition/338997/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 32/7 "Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы каналга суу берүү үчүн К.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп" (10.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26899

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XXXII заседаниеси

2012-жылдын 10-апрели № 32/7 Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы каналга суу берүү үчүн К.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп Корул айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы каналга суу берүү үчүн, тамарка жер үчүн, үлүш жер үчүн, аренда жер үчүн сотигине ар жыл сайын 10 сомдон эл тарабынан жыйналсын.

2. Жогоруда белгиленген акча каражатын жыйноо, канал үчүн сарптоо, жыйынтыгы боюнча элге толук маалымат берүү жагы 1-Май айылынын айыл башчысы М.Арзиевге, №138 төрт мандаттуу 1-Май айылынын депутаттары К.Сыдыковго, О.Капышовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Бекташовго тапшырылысын.

Корул айылдык округунун кенешинин төрагасы

Т.Маназаров
