# Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 31/2 "Элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү боюнча" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 31/2 "Элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/2
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26896>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2165/edition/338991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26896.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кенешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 31/2 "Элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү боюнча" токтому (04.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26896

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXI заседаниеси

2012-жылдын 4-апрели № 31/2 Элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү боюнча Корул айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жагы 10-апрелден 10-майга чейин, ал эми жайлоодон кайтып көчүп келүү жагы 20-августтан 1-сентябрга чейин белгиленсин.

2. «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү, ошону менен бирге алыскы Демей жайлоосун пайдалануу, айылдарда пада уюштуруп, Демей жайлоосуна көчүрүү жагы жагын тездетүү жана айылдардагы чөп орунду жерлерди кайтарууга кароол дайындоо жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы М.Арзиевге, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы У.Абдразаковго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы К.Кожоевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жүктөлсүн.

Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы

Т.Маназаров
