# Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 31/1 "Айыл өкмөтүндө 2012-жылы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыкты жарыялоонун жүрүшү боюнча"

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 31/1 "Айыл өкмөтүндө 2012-жылы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыкты жарыялоонун жүрүшү боюнча"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/1
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2164/edition/338989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 31/1 "Айыл өкмөтүндө 2012-жылы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыкты жарыялоонун жүрүшү боюнча" (04.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26895

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кенешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXI заседаниеси

2012-жылдын 4-апрели № 31/1 Айыл өкмөтүндө 2012-жылы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыкты жарыялоонун жүрүшү боюнча Корул айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүндө 2012-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыялоо колдоого алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагында айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча иш чараларына мектептер, ФАПтар, китепканалар, балдар бакчасы жашылдандыруу боюнча массалык иштерди уюштурушсун.

3. Бак-дарактарды отургузуу зарыл көлөмдө жана жогорку сорттогу ассортименттеги көчөттөр менен камсыздоо жагы жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча башкы адиси Э.Шариповго жүктөлсүн.

4. Айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча айылдар арасында кароо-сынактын жүрүшүнө даярдык көрүүжана жыйынтыгын чыгаруу айыл өкмөтүндө уюшулган комиссиянын курамына тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге милдеттендирилсин.

Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы

Т.Маназаров
