# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/11"Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтом у

- Толук аталышы: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/11"Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтом у
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/11
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2161/edition/340218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/11"Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтом у (13.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26892

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниеси

2012-жылдын 13-февралы №20/11 Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө "Мехнат" АКнун 2012-жылдын 13-февралындагы №17 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесин жана депутаттардын сын-пикирлерин эске алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарында турак-жай массивтеринин акыр-чыкирлерди ташуу үчүн шаар жарандарынан жыйналуучу коммуналдык кызмат көрсөтүү тарифтери төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:

А) Көп кабаттуу үйлөрдө, ар бир адамга (убактылуу же - туруктуу жашагандыгына карабастан) - 20 сомдон.

Б) Жеке турак-жай массивтеринде, ар бир адамга (убактылуу же туруктуу жашагандыгына карабастан) – 15 сомдон.

В) Кара-Суу шаарынын аймагында жашаган башка мамлекеттин жарандарына (кытай, уйгур ж.б.) ар бир адамга - 60 сомдон.

2. Бул токтом 2012-жылдын 4-январынан күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына жана "Мехнат" АКна тапшырылсын.

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Ю. Алиев
