# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралынын №20/8 "Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү жана түз сатуу жолу менен сатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө" токтом

- Толук аталышы: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралынын №20/8 "Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү жана түз сатуу жолу менен сатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө" токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/8
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2159/edition/340216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралынын №20/8 "Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү жана түз сатуу жолу менен сатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө" токтом (13.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26829

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниеси

2012-жылдын 13-февралы №20/8 Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү жана түз сатуу жолу менен сатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жыл 29-декабрындагы №19/11 токтомунун 2-пунктун аткарылышын камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарынын мэриясына Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлер инвентаризация кылынып бүткөрүлгөнгө чейин, муниципалдык жерлерге аукцион (ижарага берүү, сатуу) жана түз сатуу жолу менен сатууну эки айлык мөөнөткө токтотуп туруу милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына жана жер участокторуна укуктарды берүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун атарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, энергетика, турак-жай жана жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Ю. Алиев
