Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу шаардык кеңешинин «Комиссия түзүү жөнүндө» токтом у
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниеси
2012-жылдын 13-февралы №20/7 Комиссия түзүү жөнүндө Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, мыйзамсыз салылган обьектилерди иретке келтирүү; ошондой эле көрктөндүрүу жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу максатында, ошондой эле депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, мыйзамсыз салынган обьектилерди иретке келтирүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн төмөңдөгү курамда комиссия түзүлсүн:
1. Осмоналиев Ш.- Кара-Суу шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы.
2. Исмаилов С. Кара-Суу шаардык муниципалдык менчик департаментинин директору.
3. Кадыралиев Э. - Кара-Суу шаар мэриясынын курулуш иштери боюнча жетектөөчү адиси.
4. Мамытов 3. - Кара-Суу шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы.
5. Мамадалиев А.-Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты:
6. Юсупов 3. - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты.
7. Изакеев С. - РИИБнүн. Кара-Суу шаарынын участкалык инспектору.
8. Хатамов Р. -"Мехнат" АКнун директору.
9. Шамшиев А.- "Кара-Суу таза суу" муниципалдык ишканасышын директорунун милдетин аткаруучу.
10. Ниязов М. - райондук экология бөлүмүнүн адиси.
11. Бекмурзаев 3. - Кара-Суу райондук СЭС бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2. Аткарылган иштер боюнча аталган комиссиянын Отчету 2012-жылдын II-кварталында угулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы комиссиянын төрагасы Ш.Осмоналиевке жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы
Т. Ю. Алиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы N 188 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.03.2006 · № 188 · Күчүн жоготкон