Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13 февралындагы №66 Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана «Чек арасыз врачтар - Швейцария» уюмунун ортосундагы өнөктүк кызматташтык жөнүндө Меморандум буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-февралы № 66-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 4-пунктуна ылайык, кылмыш-жаза
аткаруу системасын андан ары максатка багытталган реформа жүргүзүүнүн
маанилүүлүгүн эске алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин, Кыргыз Республикасы-
нын Саламаттык сактоо министрлигинин жана "Чегарасыз врачтар - Швейца-
рия" кызматташтык уюмунун ортосунда Өнөктүк кызматташтык жөнүндө мемо-
рандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин жана "Чек арасыз врачтар
- Швейцария" уюмунун ортосундагы
өнөктүк кызматташтык жөнүндө
Меморандум
I. Киришүү
"Чек арасыз врачтар - Швейцария" (мындан ары - ЧАВ) уюму күтүүсүз
кырсыктардан, согуш мезгилинде жана чыр-чатактардан жапа чеккен адам-
дарга медициналык тез жардам көрсөтөт. Ар бир адам өзүнүн расасына, ди-
нине, идеологиясына же саясий көз карашына карабастан гуманитардык жар-
дамга укуктуулугу ЧАВдын ишмердигинин негизине жаткан жетектөөчү прин-
цип болуп эсептелет.
ЧАВ уюму Африкадагы Биафрай жарандык согушунда жана Бангладештеги
ташкын мезгилинде топтогон тажрыйбадан улам жаш врачтардын тобу тарабы-
нан Францияда 1970-жылы уюшулган. Бул жерде алар айрым өлкөлөрдүн эрки-
не карабастан тез жана үзүрдүү медициналык жардам көрсөтүү канчалык ма-
анилүү экендигинин күбөсү болушту.
ЧАВ СССРдин таркашынын кесепетинен пайда болгон экологиялык дегра-
дация, экономикалык төмөндөө, социалдык жана санитардык-гигиеналык таа-
сирлерди жоюу боюнча чара көрүлбөсө анын кесепетинен кийинки оорулардын
жана өлүм санынын ого бетер көбөйүшүнө алып келерине тынчсызданып, өз
ишмердигин Борбордук Азиядан баштады. ЧАВдын көз карашы боюнча Борбор-
дук Азиядагы эњ маанилүү максат болуп согуштун курмандыгы болуудан же
качкын статусу менен жашоодон сырткары ден соолуктун начарлашынын не-
гизги себептери бар экендиги тууралуу фактыларды аныктоо эсептелет.
Экономикалык чөйрө адамдын ден соолугунун начарлашына роль ойногонуна
карабастан ал ушу тапта болуп жатат.
Акыркы 35 жылдын аралыгында ЧАВ капкы аз жерлерде негизинен меди-
циналык жардам көрсөткөн адамдардын кичинекей тобунан, пикири таасирдүү
салабаттуу эларалык уюмга өсүп жетти. 1999-жылы дүйнө жүзү боюнча
жүргүзгөн гуманитардык иштери үчүн ЧАВга Нобель сыйлыгы ыйгарылган.
II. Долбоордун жалпы максаты
Кыргыз Республикасынын түндүк аймагындагы пенитенциардык мекемеле-
ринде кургак учукту жуктуруу, ооруга чалдыгуу жана кургак учуктан каза
табуу тобокелчилигин кыскартуу, кургак учуктун дарыга туруктуу формала-
рынын өөрчүшүнө жана берилишине каршы алдын ала чара көрүү.
III. Долбоордун колдонулуш мөөнөтү
2005-жылдын сентябрынан 2010-жылдын аягына чейин.
IV. Белгилүү максаттары
- кургак учук менен ооруп калуунун ар бир учуруна жараша чара
көрүү;
- полирезстенттик формалар/мултирезистеттик формаларынын ар бир
белгилүү учурларына жараша алдын ала шарттардын аткарылышын камсыз кы-
луу: дары - дармектерге ТБ микобактериялардын сезгичтигин аныктоо, сез-
гичтигине тестирлөөдө үлгүсүн аныктоо ж.б.;
- дарыга сезгичтигин тесттин үлгүсүнө ылайык кургак учукка каршы
таасирдүү дарылоо.
V. Өнөктүк кызматташуу жөнүндө
Меморандумдун колдонулуш
мөөнөтү
Кол коюлгандан кийин 1 жыл.
Тараптардын милдеттери:
Бул меморандумду аткаруу максатында, тараптар төмөнкүлөр жөнүндө
макулдашты.
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткаруу
башкы башкармалыгы (мындан ары - ЖАББ) төмөнкүлөргө милдеттенет:
1. Кургак учукка каршы пенитенциардык мекемелеринде өз милдеттерин
аткаруу максатында жергиликтүү, ошондой эле чет элдик жардам көрсөткөн
ЧАВдын бардык кызматкерлерине түзөтүү абактарына киришин камсыз кылуу;
2. Төмөнкүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлиги (мындан ары - СМ) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-
тоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борбору (мындан ары - УФБ) менен
бирдикте координациялык органдын өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн:
- мурда камалгандарды кургак учукка каршы дарылоону улантуу макса-
тында ЖАББдын жана жарандык саламаттык сактоонун медициналык кызматта-
рынын ортосунда уланмалуулукту түзүү жана маалымат агымын камсыз кылуу;
- максаттарга жетүү үчүн керектөөнү баалоого (мисалы, кургак учук
менен ооругандарды бекер ташуу) жана адаптацияланган чечимдерди иштеп
чыгууга көмөк көрсөтүү.
3. Кайталоодон качуу максатында түзөтүү мекемелеринде саламаттык
сактоо жана чыгымдар жаатында белгиленген иш-чаралар жөнүндө долбоордун
башка катышуучуларын кабардар кылуу.
4. Санитардык агартуу жана курак учукка каршы көзөмөл маселелери
боюнча ишмердүүлүккө катышкан бардык иштеп жаткан адамдардын кызматта-
шуусун жана байланышын чыњдоого көмөк көрсөтүү: пенитенциардык жана жа-
рандык саламаттык сактоо мекемелери, мамлекеттик жана өкмөттүк эмес
уюмдар, окуу практикасы жана саламаттык сактоо жаатындагы практика.
5. Долбоордун үзүрдүү иштеши үчүн зарыл болгон медициналык жана
медициналык эмес каражаттарды ташууда ЧАВга колдоо көрсөтүү (сунуш кат-
тар).
6. Долбоорду ишке ашыруу максатында келген чет элдик медициналык
персоналды каттоодо жана болушунун мөөнөтүн узартууда ЧАВга колдоо
көрсөтүү (сунуш каттар).
7. Түрмөлөрдө кургак учук менен ооругандарды дарылоо үчүн да-
ры-дармек каражаттарын сактоону, бөлүштүрүүнү, колдонууну жана монито-
ринг уюштурууда көмөк көрсөтүү жана жеткирилишин камсыз кылуу.
8. Кургак учук менен ооругандардын түзөтүү мекемелеринде бул дол-
боор менен байланыштуу иш жүргүзүүдө алынган бардык илимий-изилдөөчүлүк
долбоорлорду бекитүү жана мындай илимий-изилдөөчүлүк долбоорлордун жы-
йынтыгында чыгарылган бардык жарыялоордо аталышы. Бардык или-
мий-изилдөөчүлүк жарыялоолор долбоорго катышкан кыргыз жана чет элдик
кесиптештер менен авторлоштукту камтышы керек.
9. ЧАВдан бардык башка релеванттуу маалыматтарды жыйноону жана ал-
машууну бүткүл күч-аракеттер менен камсыздоо.
10. ЧАВ, СМ, УФБ жана бул долбоорго көмөк көрсөтүүгө даяр бардык
иштеп жаткан чет элдик адамдар менен бирдикте иш чараны өткөрүү жана
окутуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жигердүү катышуу.
11. Кургак учукту аныктоо, дарылоо жана клиникалык протоколду кол-
донуу боюнча тренингдерге катышуу үчүн кургак учукка каршы пенитенциар-
дык мекемелерде иштеген медициналык персоналды уюштуруу.
12. Зарылчылыкка жараша кургак учукка каршы иш чараларды колдоо
максатында кошумча персонал менен камсыз кылуу.
13. Ийгиликтүү терапияны, ошондой эле каржылык мүмкүнчүлүктөрдү
эске алып, оорулардын таркалбашын камсыз кылуу максатында негизги стан-
дартка ылайыктоо үчүн кургак учукка каршы пенитенциардык мекемелеринин
имараттарын оњдоого көмөк көрсөтүү.
14. Каржылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алып эларалык стандарттардын
талаптарына ылайык бардык суучарба жана санитардык-техникалык курулма-
ларды жана шаймандык каражаттарды курууга жана оњдоого көмөк көрсөтүү.
15. Пенитенциардык системанын ичинде кургак учук менен ооругандар-
дын максималдуу тез жана адекваттуу берилишин камсыз кылуу.
16. Кургак учук менен ооругандар үчүн азык-түлүктү сактоону,
бөлүштүрүүнү жана каттоону камсыз кылуу.
СМжана УФБ төмөнкүлөргө милдеттенет:
17. Санитардык агартуу жана курак учукка каршы көзөмөл маселелери
боюнча ишмердүүлүккө катышкан бардык иштеп жаткан адамдардын ортосунда
кызматташууну жана байланышты чыњдоого көмөк көрсөтүү: саламаттык сак-
тоонун пенитенциардык жана жарандык мекемелери, мамлекеттик жана
өкмөттүк эмес уюмдар ж.б.
18. Төмөнкү үчүн ЖАББ менен бирдикте координациялык органдын
өнүгүшүн камсыз кылат:
- мурда камалгандарды кургак учукка каршы дарылоону улантуу макса-
тында ЖАББдын медицина кызматы менен жарандык саламаттык сактоонун ор-
тосунда уланмалуулугун түзүү.
19. Долбоордун үзүрлүү иштеши үчүн зарыл болгон медициналык жана
медициналык эмес каражаттарды ташууда ЧАВга көмөк корсөтүү.
20. Оорулуулар дарылоого жөнөтүлөөрүнө жана аны акы төлөбөй
өтөрүнө кепилдик берүү.
21. Бошотулган оорулууларды түздөн түз көзөмөлдөө үчүн кургак
учукка каршы терапиянын кыска мөөнөттүү курстарын аякташына көзөмөлдөө
жана зарыл болгон учурда кургак учукка каршы адистешкен мекемелерде да-
рылоону улантуу.
22. Кургак учук менен ооругандардын колонияларында бул долбоор ме-
нен байланыштуу ишмердигинин жүргүзүлүшүнүн жүрүшүндө алынган бардык
илимий-изилдөөчүлүк долбоорлорду бекитүү жана мындай или-
мий-изилдөөчүлүк долбоорлордун жыйынтыгында чыгарылган бардык жарыялоо-
лордо аталышы. Бардык илимий-изилдөөчүлүк жарыялоолор долбоорго катыш-
кан кыргыз жана чет элдик кесиптештер менен авторлоштукту камтышы ке-
рек.
23. Бардык башка кошотоочу маалыматтарды жыйноодо жана алмашууда
ЧАВ менен макулдашуу.
24. ЧАВ, ЖАББ жана бул долбоорго көмөк көрсөтүүгө даяр бардык иш-
теп жаткан чет элдик адамдар менен бирдикте иш чараны өткөрүү жана оку-
туу боюнча ишмердикти жүргүзүүгө жигердүү катышуу.
ЧАВ төмөнкүлөргө милдеттенет:
25. Зарылчылыгына жараша дарылоону, пациентерге жетекчиликти, ла-
бораториялык диагностиканы, чыгымдардын натыйжалуулугун жана башкаларды
кошуп долбоордун бардык аспектилерин баалоодо жана туруктуу мониторинг
жүргүзүүгө жардам көрсөтүү.
26. Долбоор бүткөнгө чейин (2010) кургак учук менен орулуулар бар
колонияларда иштөөнү улантууга жана бул мөөнөттүн аралыгында Бишкек ша-
арында офис кармоого.
27. Кургак учукка каршы пенитенциардык мекемелеринин медициналык
персоналын окутуу жана ошондой жалпы медициналык билиминин кењейишине
жана түрмөлөрдө программанын илгерилешине көмөк көрсөтүү жана
өркүндөтүү.
28. Какырыктарды жыйноо боюнча кабинеттердин, ДОТС кабинеттеринин
жана колонияларда жайгашкан биринчи дењгээлдеги лабораторияларды оњдоо-
го жана кармоого, жабдууларды/аймактарды кармоого жана техникалык
көзөмөлдөөгө катышуу.
29. Түрмөлөрдөгү кургак учук менен ооругандарды дарылоо үчүн дары
дармек каражаттарын сакталышын, бөлүштүрүлүшүн, колдонулушун жана мони-
торингин уюштурууга көмөк көрсөтүү жана жеткирилишин камсыз кылуу.
30. Долбоорду керектүү сандагы квалификациялуу эларалык медицина-
лык персонал менен камсыз кылуу.
31. Төмөнкүлөр үчүн ЖААБ, СМ жана УФБ менен бирдикте координация-
лык органдын өнүгүшүн камсыз кылуу:
- мурда камалгандарды кургак учукка каршы дарылоону улантуу макса-
тында ЖАББ жана жарандык саламаттык сактоонун медициналык кызматынын
ортосунда уланмалуулукту түзүү;
- дарылоону улантуу үчүн кургак учукка каршы мекемелерге кирүү
мүмкүнчүлүгүн жењилдетүү үчүн бошогон камалгандарга социалдык колдоону
камсыз кылуу;
- кургак учукка каршы мекемелер боюнча бардык маалыматтардын жый-
налышын жана концентрациясын камсыз кылуу;
- керектөөлөрдү баалоо (мисалы, кургак учук менен ооругандарды бе-
кер ташуу) жана максаттарга жетүү үчүн адаптацияланган чечимдерди иштеп
чыгууга көмөк көрсөтүү.
32. Бошогон камалгандардын дарыланышына көзөмөлдүк кылуу үчүн са-
ламаттык сактоонун пенитенциардык жана жарандык мекемелеринин ортосунда
мыкты байланыштын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү.
33. Долбоорду өнүктүрүү жөнүндө кварталдык отчетторду даярдоо жана
өнөктөргө берүү.
34. Бардык баскычтарда жана дењгээлдерде долбоорду жүзөгө ашыруу.
VI. Жалпы жоболор
35. Өнөктүк кызматташтык Меморандумда жогоруда көрсөтүлгөн иш мил-
деттерди аткаруу үчүн өнөктөр өздөрүнүн Бишкек шаарындагы өкүлдөрүн
көрсөтөт.
36. Жетектөөчү топ тезирээк талкуулоо жана чечим кабыл алуу про-
цессин камсыз кылуу үчүн ЖАББнын, УФБнын жана ЧАВдын өкүлдөрүнөн
түзүлөт. Бул эњ эле жогорку дењгээлде түзүлгөн координациялык механизм-
дин ролун жана маанисин өзгөртө албайт.
37. Импорттолгон товарлар ЧАВдын менчиги бойдон калат, ал эми ЧАВ
өзүнүн менчигин колдонуу, кайра каттоо боюнча чечим кабыл алган бирден
бир жак бойдон калат.
38. ЧАВдын Уставы, ошондой эле "Шантилья принциби" бардыгы тарабы-
нан сакталышы керектигине долбоордун өнөктөрү макулдашат.
39. Долбоордун ар бир өнөгү кандайдыр бир себептерден улам же ал
жок болгондо долбоордун башка өнөгүнө кат жүзүндө кабарлагандан алтымыш
күндөн кийин өнөктүк кызматташтык жөнүндө бул меморандумду токтото
алат. Бул меморандумго ылайык ар кандай токтотуу долбоордун өнөгүн бар-
дык милдеттенмелерден бошотот.
40. Өнөктүк кызматташтык жөнүндө бул меморандумга ылайык долбоор-
дун өнөктөрүнүн милдеттенмелери каржылоонун бардыгына жараша болот жана
мындай милдеттенмелер мындай каржылоонун жоктугунан улам акталат.
41. Өнөктүк кызматташтык жөнүндө бул меморандум долбоордун бардык
өнөктөрү тарабынан кол коюлган жана макулдашылган, кат жүзүндөгү
өзгөртүү менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
42. Долбоордун ар бир өнөгү эгерде бул документте башкача
көрсөтүлбөсө, анын ишине тийиштүү чыгашаларга жана чыгымдарга жоопкер-
чилик тартат.
43. Бул Меморандумга ылайык келип чыккан ар бир талашта тараптар
маселени өз ара чечүү үчүн, ошондой эле зарыл болсо мындай талашты дол-
боордун өнөктөрүнүн ар биринин уюмунун жогорку дењгээлине чейин көтөрүп
чыгып бирдикте акниет иштөөгө макул.
Ушул Меморандум менен ишке ашырууга пландалган бардык өнөктөр дол-
боордун ишмердигине байланыштуу келип чыккан кыйынчылыктар же көйгөйлөр
жөнүндө долбоордун калган бардык өнөктөрүнө токтоосуз кабарлоого кепил-
дик берүүгө макулдашат.
44. Долбоорго тийиштүү иш аракеттер жөнүндө жарыяланбаган маалы-
маттар долбоордун өнөктөрүнүн арасында эркин таркалат, бирок долбоордун
өнөктөрүнүн бардыгынын макулдугусуз өнөктүк кызматташтык жөнүндө бул
Меморандумга кол койбогон башка адамдарга же органдарга таратылбайт.
45. Долбоордун ишмердигине негизделген ар бир илимий баяндаманын
кол жазмасы жарыялоого берүүнүн астында кароого долбоордун бардык
өнөктөрүнө жөнөтүлүшү керек.
46. Долбоордун бардык өнөктөрү оорулуулар жөнүндө маалыматка кара-
та же болбосо эгерде элге таратуу юридикалык кесепеттерди алып келе
турган учурларда сырды сактоого макулдашат.
47. Өнөктүк кызматташтык жөнүндө бул меморандум ЖАББ, СМ, УФБ жана
ЧАВ ортосунда ниеттери жөнүндө арызы болбосо жараксыз.
48. Документтин башында көрсөтүлгөн күндө үч (3) түп нускада
түзүлдү, алардын ар бири кыргыз, орус жана англис тилдериндс, алардын
ар бири бирдей болуп эсептелет. Эгерде эки тексттин ортосунда айырмачы-
лык кездешсе англис тилиндеги версия негизги деп эсептелет.
Кол коюшту:
Кыргыз Республикасынын Адилет министри
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
ЧАВ миссиясынын башчысы, Швейцария
Бишкек ш. 2006-жылдын "__" "_________________"
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон