# Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1"Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1"Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/1
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26796>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2129/edition/339334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26796.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1"Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому (16.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26796

---

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нариман айылдык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы (төртүнчү шайланган)

2012-жылды 16-январы №26/1 Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 10.01.2012-жылдагы № 10/27 катынын негизинде Нариман айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, өз сунуштарын бергенден кийин Нариман айылдык Кеңеши ТОКТОМКЫЛАТ:

1.Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгы жана 1,2,3-группа мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 13-14-разделдеринин статьяларына ылайык иш жүзүндө колдонууга киргизилсин.

2.Киргизилген жергиликтүү салыктардын төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексынын 322,332,342,352,355,385-статьяларынын негизинде бекитилсин.

3.Киргизилген жергиликтүү салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 330,343,344-статьяларынын негизинде бекитилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нариман айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Нариман айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы А Бурибаевке, салык инспекторлоруна жана айыл башчыларына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрагасы

К. Исаков
