КРнын Премьер-министринин буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-январы, № 02
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН
БУЙРУГУ
Бир тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
экинчи тараптан «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик
коомунун (мындан ары - «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК),
«Кыргызнефть» өндүрүштүк бирикмесинин, Франс Гидрокорбонс
Лимитеддин ортосунда 1995 - жылдын 20 - декабрында түзүлгөн
Инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун чечмелөөдөгү
карама-каршылыктарды жоюу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия
түзүлсүн:
Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын
экономика жана финансы
министринин орун
басары,комиссиянын
төрагасы,
комиссия мүчөлөрү:
Кириченко Н.М. - Кыргыз Республикасынын
өнөржай, соода жана
туризм министринин орун
басары,
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын
юстиция министринин орун
басары,
Зубков В.П. - Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Геология жана минералдык
ресурстар боюнча
мамлекеттик агенттиктин
директору,
Тойчубеков Ю.Ж. - Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Финансылык көзөмөлдөө
жана отчёттуулук боюнча
мамлекеттик агенттиктин
директору,
Нуржанов Д.Т. - Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык
резервдер боюнча
мамлекеттик агенттиктин
директору,
Акматов Т.А. - Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык
инспекциясынын директору,
Омаркулов С.Т. - Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик бажы
инспекциясынын директору,
Айтбаев А.К. - Кыргыз
Республикасынын
Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук
агенттигинин директорунун
орун басары (макулдашуу
боюнча),
Максуталиев Ж.Ж. - Жалал-Абад облустук
мамлекеттик администрация
башчысынын орун басары,
Тургунбаев К.А. - «Кыргызнефтегаз» ачык
акционердик коомунун
башкармасынын төрагасы
(макулдашуу боюнча),
Роберт Браун - «Кыргыз Петролеум
Компани» жабык
акционердик коомунун
президенти (макулдашуу
боюнча),
Усувалиев Н.М. - «Баткеннефтегаз» ачык
акционердик коомунун
башкы директору
(макулдашуу боюнча),
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппаратынын отун-
энергетика комплекси, кен
казып алуу тармагы жана
жаратылыштык ресурстар
бөлүмүнүн башчысы,
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз
Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын
реформаларды, мамлекеттик
программаларды жана
долбоорлорду укуктук
жактан камсыздоо
башкармалыгынын
неачальнигинин орун
басары,
Эсеналиев Т.К. - Кыргыз
Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын
финансы башкармалыгынын
бюджет, салык жана тариф
саясаты секторунун
башчысы.
2. Комиссия 1995-жылдын 20-декабрындагы Инвестициялык
макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
боюнча сунуштарды анын айрым жоболорун чечмелөөдө аныкталган
карама-каршылыктарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттүн ичинде киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-
энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана
жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө, финансы башкармалыгына жана
реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долборрлорду
укуктук жактан камсыздоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.