# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21-январы № 1 "Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21-январы № 1 "Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2113/edition/346024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21-январы № 1 "Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (21.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26777

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын (төртүнчү шайланган)

2012-жылдын 21-январы № 1 Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-октябрындагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

Отуз-Адыр айылдык округунда 2012-жылдын 1-январынан жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрү киргизилсин. Отуз-Адыр айылдык округунда физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгы 0,01 га жерге 10 сом өлчөмүндө, коммуналдык кызмат үчүн төлөм бир жанга 5 сом өлчөмүндө бекитилсин. Жогоруда аталган мыйзамдын, жогоруда аталган тарифтердин негизинде салык төлөмдөрүн өндүрүү айыл өкмөттүн ага салык инспектору К.Атамбиевге жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Ташматовго тапшырылсын.

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы

О.Айдаров
