Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин «Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын (төртүнчү шайланган)
2012-жылдын 21-январы № 1 Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-октябрындагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык округунда жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрүн киргизүү, физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгынын жана коммуналдык кызмат үчүн төлөмдүн акчалай өлчөмдөрүн бекитүү максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
Отуз-Адыр айылдык округунда 2012-жылдын 1-январынан жер жана мүлк салыктарынын 2-3-топтогу түрлөрү киргизилсин. Отуз-Адыр айылдык округунда физикалык тараптар тарабынан төлөнүүчү там арка салыгы 0,01 га жерге 10 сом өлчөмүндө, коммуналдык кызмат үчүн төлөм бир жанга 5 сом өлчөмүндө бекитилсин. Жогоруда аталган мыйзамдын, жогоруда аталган тарифтердин негизинде салык төлөмдөрүн өндүрүү айыл өкмөттүн ага салык инспектору К.Атамбиевге жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Ташматовго тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы
О.Айдаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 10 декабря 2002 года №844 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете…Постановление · 10.12.2002 · № 844 · Күчүн жоготкон