# Катта-Талдык айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 18/7 "Катта-Талдык айылдык Округунун 2009-жылдын 3-июнундагы №162 токтомунун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Катта-Талдык айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 18/7 "Катта-Талдык айылдык Округунун 2009-жылдын 3-июнундагы №162 токтомунун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/7
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2110/edition/346018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26774.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Катта-Талдык айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 18/7 "Катта-Талдык айылдык Округунун 2009-жылдын 3-июнундагы №162 токтомунун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (26.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26774

---

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Катта-Талдык айылдык кеңешинин (IV-чакырылышынын) XVIII сессиясынын

2012-жылдын 26-апрели № 18/7 Катта-Талдык айылдык Округунун 2009-жылдын 3-июнундагы №162 токтомунун жокко чыгаруу жөнүндө 2009-жылдын 3-июнунда Абсамат Масалиев атындагы коомдук фондуна берилген 10,0 га жерге 2009-жылдан баштап айлана чөйрөсүн тосуу, 2010-жылдан баштап эс алуу жайга бак-дарктарды отургузуу иштери каралган. Бирок,токтом,келишимдердин талаптарын 3 (уч) жылдан бери аткарбагандыгы жана өз багыты боюнча иштетпегендиктен айыл тургундарынан бир нече жолу даттануулар болгон. 2011-2012-жылдан бери айыл тургундарынан турак жай салу үчүн арыздарды карап чыгып, Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 65, 66 беренесине ылайык токтом кылат ТОКТОМ 1 Катта-Талдык айылдык округунун 2009-жылдын 3-июнундагы № 162 токтому менен А.Масалиев атындагы коомдук фондуна берилген кайра болуштуруу фондунун 10,0га айдоо жер тилкеси айылдык округунун фондусуна алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 65, 66 беренесине ылайык максатсыз иштеткендиги учун Катта-Талдык айылдык округунун 2009-жылдын 3-июнундагы № 162 токтому жокко чыгарылсын.

3. А.Масалиев атындагы коомдук фондунан алынган 10,0га жер тилкеси турак жай салу учун арыз берген тургундарга болуп берилсин

4. Токтомдун аткарылышын Катта-Талдык айылдык округунун башчысы К.Жантороевке милдеттендирилсин

Депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңештин төрагасы

А.Акаев
