# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 29 августундагы № 22/4 «Кара-Суу шаарынын көчелөрүнө оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүн чектөө жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 29 августундагы № 22/4 «Кара-Суу шаарынын көчелөрүнө оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүн чектөө жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/4
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2096/edition/377672/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 29 августундагы № 22/4 «Кара-Суу шаарынын көчелөрүнө оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүн чектөө жөнүндө» токтому (29.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26760

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XXII сессиясынын заседаниесинин

2012-жылдын 29 августу, № 22/4 «Кара-Суу шаарынын көчелөрүнө оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүн чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын ички автомобилдик жолдору боюнча чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүн жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-майындагы № 277 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндөгү» токтомун, Кара-Суу шаар мэриясынын алындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин директору С.Исмаиловтун мааламатын угуп жана талкуулап, ошондой эле депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып депутаттардын Кара-Суушаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу шаар мэриясынын алындагы муниципалдык менчик боюнча департаментине (С.Исмаилов) жана Кара-Суу райондук мамлекеттик автоинспекциясына (М.Шадманов) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-майындагы № 277, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 токтомдору жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. Кара-Суу шаар мэриясына (А.К.Рахимов) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын майындагы №277 токтомунун 2-пунктун колдонуп Кара-Суу шаарынын муниципалдык жолдорунда максималдуу жалпы салмагы, октук салмак басымы жана башка линиялык параметрлери (1-пунктунда аталган) белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салууну милдеттендирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кара-Суу шаар мэриясына жана Кара-Суу шаардык Кеңештин өнөр жай, транспорт, байланыш жана соода боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.

Депуттардын Кара-Суу шаррдык Кеңешинин төрагасы

Т.Ю.Алиев
