Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Шарк айылдык кеңешинин «Шарк айылдык өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетиндагы каражат жетишпеген статьяларын башка статьялар эсебинен толуктоо жөнүндө» токтому
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Шарк айылдык кеңешинин ХХХV-кезексиз сессиясынын (төртүнчү-шайланган)
2012-жылдын 9-июну №4 Шарк айылдык өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетиндагы каражат жетишпеген статьяларын башка статьялар эсебинен толуктоо жөнүндө Шарк айыл өкмөтүнүн Ташлак жана Медресе айылдарынын көчөлөрүнө ЮСАИД өкмөттүк эмес уюму тарабынан жарык берүүгөо акча каражаты бөлүнгөндүгүнө байланыштуу анын проекти жана техникалык документтерин даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн салымы, Ташлак айылынын Ш.Рахман үчүн ФАП курууга эл аралык куткаруу башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгү (Международный Комитет Спасения, Инк в Кыргызкой Республике) тарбынан акча каражаты бөлүнгөндүгүнө байланыштуу анын проекти жана техникалык документтерин даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары, Шарк айылындагы көчөлөрдүн таза суу түтүктөрүн жаңылоо үчүн, Маданият айылындагы Т.Мусаев жана Падаван айылындагы А.Парпиев атындагы орто мектептерин ремонту үчүн жана Шарк айылдык округунун жер аянттары жана түрлөрүн тактоо жумуштарын аткаруу үчүн жетишпеген акча каражатын толуктоону карап жана талкулап Шарк айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык округунун Ташлак жана Медресе айылына караштуу Памирская үчүн ЮСАИД өкмөттүк эмес уюму тарабынан жарык берүүгө акча каражаы бөлүнгөндүгүнө байланыштуу анын проекти жана техникалык документерин даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары 70629-Туракжай тармагынын 2215 6900-Ар түрдүү чыгымдар статьясынан 44312 (кырк төрт мин үч жүз он эки) сом.
-Ташлак айылынын Ш.Рахманов үчүн ФАП курууга эл аралык куткаруу башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү (Международный Комитет Спасения, Инк в Кыргызкой Республике) тарабынан акча каражаты бөлүнгөндүгүнө байланытуу анын проекти жана техникалык документерин даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүң салымы катары 22156900-ар түрдүү чыгымдар статьясынан -45089 (кырк беш мин сексен тогуз )сом -Шарк айылдык округунун жер аянттарын жана түрлөрүн тактоо жумуштарын аткаруу үчүн сметанын негизинде 22156900-ар түрдүү чыгымдар статьясынан–61 053 (алтымыш бир мин элүү үч) сом, 70629 турак жай тармагындагы 22156900–ар түрдүү чыгымдар статьясындагы айылдарга шагыл төшөө үчүн каралган 200 000(эки жүз мин )сом эсебинен Шарк айылындагы көчөлөрдүн таза суу тутукторун жанылоо үчүн 22156900-Ар түрдүү чыгымдар статиясына 50 000 (элүү мин) сому которулсун.70921-билим бер тармагындагы 22156900-Ар түрдүү чыгымдар статьясында көрсөтүлгөн пол жуугуч жана чарбалык товарлар сатып алуу үчүн каралган 100 000 (бир жүз мин) сомдун эсебинен 22152100-имараттарды учурда ондоо статьясына которулуп ушул акча каражаты Маданият айылындагы Т.Мусаев атындагы орто мектебинин ремонту үчүн 100 000 (он мин) сом жалпысы болуп 40 000 (кырк мин) сом жумшалсын. -70111 башкаруу аппаратынын 22156900-ар түрдүү чыгымдар статьясы эсебинен 20 000 (жыйырма мин)сомду 70921- билим берү тармагынын 22152100-имараттарды учурда ондоо статьясына которулуп бүлл акча каражаты А.Парпиев атындагы орто мектебинин ремонтуна жумшалсын.
2. Жетишпеген 1700 000 (бир жүз жетимиш мин) сом акча каражаты Шарк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин каржыланбай калган төмөнкү статьясы эсебинен толукталсын:
а) 70111-Башкаруу аппараты тармагы боюнча:
-22156900-Ар түрдүү чыгыидар статьясынын II-квартал эсебинен-20 000 сом.
б)70421-Экономикалык суроолор боюнча тармагынын:
-22156900-Ар түрдүү чыгымдар статьясынын -квартал эсебинен–100 000 сом; -квартал эсебинен-50 000сом; жалпысы-150 000 сом
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы
А. Маруфий
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.