# Шарк айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21-апрели №11 "Таштак айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шарк айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21-апрели №11 "Таштак айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26740>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2078/edition/345360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26740.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шарк айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21-апрели №11 "Таштак айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө" токтому (21.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26740

---

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Шарк айылдык кеңешинин ХХХIII кезектеги сессиясынын (төртүнчү-шайланган)

2012-жылдын 21-апрели №11 Таштак айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө Таштак айылынын Медресе участогунун Ош-Өзгөн жолунун сол тарапта жайгашкан жаны конуштагы көчөлөрдүн аты жок болуп, паспорт алганда, учотко койгондо, балдарды мектепке, балдар бакчасына бергенде дареги так болбой кыйналып жаткандыгы жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Шарк айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Таштак айылынын Медресе участогунун Ош-Өзгөн жолунун сол тарапка жайгашкан жаны конуштагы көчөлөргө Насирдинов Абдибалинин ысымы берилсин. (Арыздан көчүрмө, айылдык жыйындын протоколу тиркелет)

2. Аталган көчөгө Насирдинов Абдилбалинин ысмы, жазылып, бардык үйлөр номерленсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы А. Салиевке тапшырылсын.

Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы

А. Маруфий
