# Шарк айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21 апрелиндеги №2 "Шарк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга социялдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шарк айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21 апрелиндеги №2 "Шарк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга социялдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/26728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2067/edition/345340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/26728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шарк айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21 апрелиндеги №2 "Шарк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга социялдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө" токтому (21.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/26728

---

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Шарк айылдык кеңешинин ХХХIII-сессиясынын (IV шайланган)

2012-жылдын 21 апрели №2 Шарк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга социялдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө Шарк айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн пландарынын аткарылышынын анализи 2012-жылга карата экономикалык болжолу айыл өкмөтүнүн кенейтилген активи чогулушунда каралып жана алымча кошумчалар менен толуктоолорун карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шарк айыл өкмөтүндөгү 2011-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2011-жылдагы жыйынтыктарын эске алып, 2012-жылга карата экономикалык болжолу жактырылсын (№1 тиркемеге ылайык) жана экономикалык пландарды толук аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл чарба субьект (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилерине жүктөлсүн.

2. Элдин жашоо турмушун ар тараптуу жогорулатуу, экономиканы которуу социалдык маданий жагдайын жакшыртуу, жумушсуздукту азайтуу максатында баардык чарба субьектерде, онор жай, чекене товар жүргүзүү элге акылуу кызмат көрсөтүү, курулуш жана транспорт иштерин өнүктүрүү бардык ишкана мекеме, айыл бышчыларына чарба жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Айылдын экономикасын, инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүүдө ар түрдүү ички жана тышкы инвестицияларды тартууну жандандыруу, айыл башчы, домком, ишкана-мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыты болгон айыл чарба продукцияларын көбөйтүү максатында кооперация түрүнө өтүү, техсервис, СПА, үрөнчүлүк чарбалары жана ветсервис иштерин жашыртуу чарба жетекчилерине тапшырылсын.

5. Шарк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бекитилген социалдык экономикалык болжолунун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

А.Маруфий
